Тажикстандын премьер-министри "Тажикстан ШКУга кирген өлкөлөр менен энергетика жаатында кызматташууну каалайт"

Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынында глобалдык экономикалык кризис алдыда турганда, ШКУга кирген өлкөлөр бардык жаатта экономиканы чыңдоо үчүн кызматташуусу зарыл экенин айтты. Акил Акилов дүйнөдө климаттык кырсыктар болуп жатканда, ШКУ өлкөлөр арасында коопсуздукту сактоодо чоң роль ойноорун кошумчалады. “Учурда дүйнөдө климаттык кырсыктар болуп жатат. Мен ойлойм, ШКУ мындай учурда өлкөлөр арасында коопсуздукту сактоодо чоң роль ойнойт. Ал эми Тажикстан ШКУга кирген өлкөлөр менен энергетика жаатында кызматташууну каалайт. Мындай кызматташуу бардык өлкөлөргө капиталдык салым кошот. Тажикстан айыл чарба жаатында дагы кызматташууну каалайт. Учурда Орусия, Кытай өздөрүнүн айыл чарба техникаларын чыгарышат. Мындай учурда ШКУга кирген өлкөлөр бири-бирибизди ар тармакта камсыз кыла алабыз”,- деди Акил Акилов.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан