ЖКда Кытай өкмөтү бөлгөн 5 миллион доллар грантка Ош шаарына 66 батирлүү турак жай куруу долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

ЖКнын бүгүнкү жыйынында "2011-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2010-жылдын Июнь окуяларында жабыр тарткан түштүк аймагын калыбына келтирүү үчүн 5 миллион доллар өлчөмүндө акчалай жардам берүү жөнүндө КР Өкмөтү менен Кытай Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору колдоого алынды. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башкы директору Жусупжан Жээнбековдун айтымында, Кытайдан алына турган 5 миллион доллар өлчөмүндөгү грантка Ош шаарында 66 батирлүү турак жай курулат. Анда иштеген жумушчулардын 70 пайызын кыргыз, ал эми 30 пайызын кытай адистери түзөт. Аталган мыйзам долбоору үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан