Грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасынын капитаны болду. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, Азисбеков Олимпиада оюндарында күрөш боюнча 87 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыздын намысын коргойт.
Азыркы тапта жайкы Олимпиадага 18 Кыргыз спортчусу жолдомо алган. Алар: Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет Кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Роман Петров, Бакдөөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова, Денис Петрашов, Айаал Лазарев, Нурсултан Кеңешбеков.
Олимпиада 23-июлдан 8-августка чейин өтөт.