Балыкчы шаарында устаканадан өрт чыкты

Бүгүн, 16-июль күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында устаканадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Бүгүн саат 07:00 чамасында Балыкчы шаарынын Өмүр көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн устаканасы (эмерек жасоочу) күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Жерине Балыкчы шаарынын өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүмү тартылып, саат 07:20да чектөөгө алып, 07:41де толугу менен өчүрүлгөн.
Жалпысынан 40 чарчы метр устакана күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда", - деп билдиришти аталган мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан