Москва шаарынын мэриясынын регионалдык коопсуздук башкармалыгынын аймактык департаменти ведомстволор аралык жыйын өткөрүп, ага федералдык коопсуздук кызматынын, тергөө комитетинин, прокуратуранын жана полициянын өкүлдөрү катышты. Жолугушууда алар түштүк-чыгышындагы массалык мушташтын келип чыккан жагдайларын жана себептерин талкуулашып, муну "өзгөчө кырдаал" деп баалашууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул факты боюнча укук коргоо органдары тарабынан жаңжалдын 102 катышуучусу (Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары) кармалган.
"Кармалган жарандардын 71и Кыргыз жараны, калгандары качып кеткенге үлгүрүшкөн. Мындан тышкары "бейбаштык" беренеси менен иш козголуп, ага ылайык, бул мыйзамсыз аракеттерди жасагандар аныкталууда. Азыркы учурда Москва шаарынын райондук соттору тарабынан административдик укук бузуулар боюнча жалпысынан 102 материал каралды. Кузьмин райондук соту - 46 иш, Люблин райондук соту - 37 иш жана Лефортово райондук соту - 19 иш каралды.
Анда соттор тарабынан массалык мушташка катышкан жарандарга карата административдик укук бузгандыгы үчүн Орусия Федерациясынын административдик укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча 15 күнгө административдик камакка алуу чечимин кабыл алган.
Учурда Москва шаарынын укук коргоо органдары тарабынан мигранттардын документтерин текшерүү боюнча рейддер жүргүзүлүп, ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнө жеткирүү, алардын өздүгүн тактоо, ошондой эле алардын катышуусундагы чыр-чатактуу кырдаалдардын болушун алдын алуу боюнча профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Алдын алуу иштердин жүрүшүндө аймактык полиция бөлүмдөрүнө 900дөн ашуун адам жеткирилген.
ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү мекендештерди улуттук маселелерге тиешелүү жалган билдирүүлөрдү таратпоого чакырат. Мындай фактылар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын билдирет. Ошондой эле иштеп жүргөн мекендештерди келген мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарын аткарууга, коомдук жайларда адеп-ахлактык жүрүм-турум эрежелерин сактоого чакырат. Мыйзамсыз аракеттер менен өлкөнүн имиджине доо кетирбөөнү жана Орусиянын аймагында иштеп жаткан мекендештерине терс таасирин тийгизип албоону суранат", - деп жазылат маалыматта.