Дубайдагы кыргыз кызы: "Бул жакта мыйзам катуу иштегендиктен сөз эркиндиги бир аз чектелген"

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Акыркы кезде дүйнөнүн ар кайсы бурчунда эмгектенип, окуп жаткан мекендештерибиздин саны арбын. Алар өлкөсүнөн, жакындарынан алыста жүрүп, ийгиликке жетүүгө далалат кылып жаткан учуру.

SUPER.KG порталы чет өлкөдөгү мекендештердин бейнеси, жашоо-турмушу менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз Бириккен Араб Эмиратындагы Дубай шаарында эмгектенип жаткан Канаатхан Закиржан кызы.

Канаатхан Закиржан кызы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Марказ айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 8 бир туугандын кичүүсү. Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Мындан тышкары "Мевлана" студент алмашуу программасы менен Түркиядагы Сакария университетинде билим алып келген. Жакында эле магистратурасын аяктап, кубанып турган кези. Учурда Бириккен Араб Эмиратындагы Дубай шаарында эмгектенип келүүдө.

- Учурда кайсы өлкөдө, шаарда жана кайсы тармакта эмгектенип жатасыз?

- Азыркы учурда Бириккен Араб Эмиратындагы Дубай шаарында эмгектенип, жашап жүрөм. Бул жерде мода жана соода (fashion and retail) тармагында эмгектенем. Учурда "Азадеа" компаниясындагы Испан брендде иштеп жаткан учурум. Жумуш ордум дүйнөдөгү эң чоң соода борбору болгон Бурдж Кхалифанын алдындагы Дубай моллдо орун алган.

Бириккен Араб эмиратын экинчи Америка деп атап коюшат. Анткени бул жерде көп улуттан турган дүйнөнүн ар бир бурчунан келип иштеп, эмгектенип жүргөн жаштар көп. Өзгөчө коллектив ичинде ар кайсы улуттар менен иштегендиктен алар менен таанышуу, пикир алышуу өзгөчө кызыктуу.

- Ал жактагы досторуңуз Кыргыз өлкөсүнө кызыгып, көпчүлүк учурда кыргыз эли жөнүндө эмнелерди көп сурашат?

- Бул жактагы досторум көбүнчө кандай белгилүү жерлерибиз бар, элибиз кандай, эмне жумуш менен алек болушат, тамак-аш, жаратылышыбыз жөнүндө көп сурашат. Кыргыз салттарыбызды жакшы билгендиктен аларга сонун кылып айтып берем (күлүп). Туристтер эс алууга бара турчу кооз кандай жерлерибиз бар деп да сурашат. Мен бул жактагы дос, тааныш, кесиптештериме көбүнчө табиятыбызды айтып мактанам. Алар аябай кызыгышат, арасында Кыргыз өлкөсүнө барып эс алып келүү пландары да бар. Анан да алар кыз ала качууну биздин салт деп түшүнүп алышыптыр. Ал салт эмес, жөн гана жөрөлгө болуп калганын, азыркы күндө андай окуялар арбын кездешерин айтып бергем.

- Англис тилин үйрөнгүсү келген кыргыз жаштары абдан көп. Бирок ар ким ар кандай жолдор менен үйрөнөт эмеспи. Тил үйрөнүүдө кандай методдорду колдонуп бат өздөштүрсө болот?

- Ооба, туура айтасыз. Учурда англис тили дүйнө тили болуп калды. Чет өлкөгө чыктыңбы, кайда барба жалаң тил билген жаштарга суроо-талап жогору. Чоң компаниялар, иш берүүчү мекемелер, баары эки-үч тилде эркин сүйлөгөн жумушчуларды өз чөйрөсүнө тартышат. Ошол себептүү биздин жаштар тил үйрөнүшсүн, чет жерлерди, элдерди көрсүн деп көп ниет кылам. Ошондой эле тил үйрөнүүдө методиканын бардык түрүн колдонушса жакшы. Мисалы, грамматиканы жаттабай, түшүнүп алуу керек, ошону менен бирге эле күн сайын жок дегенде 2 же 3төн жаңы сөз жаттап туруу, сөз байлыкты кеңейтсе, кино көрүү да, сүйлөөгө жана англис тилинде ой жүгүртүүгө жардам берет. Китеп окуу акцентибизди туура угулуусуна жардам берет. Англис тилин үйрөнөм деген жаштарга кеңешим грамматика, сөз жаттоо, китеп окуу, сүйлөө, англис тилинде кино көрүү. Ушулардын баарын чогуу жасаса тез өздөштүрүшөт.

- Коронавирус жана башка илдеттен сактануу же иммунитетти көтөрүү максатында Дубайда кандай кам көрүп жатышат? Вакцина боюнча дагы айтып өтсөңүз. Кайсы вакцина менен эмдөө жүрүп жатат?

- Коронавируска каршы эмдөө жакшы деңгээлде жүрүп жатат жана ага каршы бардык шарттар ынгайлаштырылган. Бул жерде вакцинанын төрт түрү берилип жатат. Sinopharm, Pfizer-BioNTech, Sputnik V жана AstraZeneca. Ушул вакциналар менен бардык каалоочулар эмделип жатат. Азыр көпчүлүгү акыркы чыккан AstraZeneca вакцинасын алып жатышат. Мен өзүм 7 ай мурда Pfizer-BioNTech вакцинасын алдым. Эч кандай коркунучу жок, бирок вакцинанын составында ковид бар болгону үчүн адамдын организмине жараша ар кандай таасир берет экен. Организми алсыздар вакцина алып организми күрөшө албай ковид менен ооруп айыккандар да бар. Ал эми учурда Эмиратта абал мурункуга караганда бир топ жакшырып калды.

- Дубайдагы акыйкаттык, сөз эркиндиги жөнүндө эмнелерди айта аласыз?

- Бириккен Араб Эмираты монархиялык өлкө болгондуктан бул жакта мыйзам, эркиндик, жарандарына берилген укук таптакыр айырмаланып турат. Мисалы, Бириккен Араб Эмиратында 7 эмират болгондуктан ар бир эмираттын өзүнүн башкаруучу шейхи (президенти) жана алардын өзүнүн мыйзамы бар. Бул жакта мыйзам аябай катуу иштегендиктен сөз эркиндиги бир аз чектелген деп айтсам болот. Мисалга алсак, жаңылыктардан бизде президенти түзмө-түз ар кандай ойлорду, сындарды айтып салгандай маалыматтарды көрбөйсүң. Элде шейхке болгон сый-урмат бар. Эмиратта ар кандай жаман жаңылык, кемчиликтерин ачыкка чыгарып жарыялашпайт. Жалаң жакшы маалыматтарды, жаңылыктарды жарыя кылышат жана мыйзам бардык улуттун өкүлдөрүнө тегиз иштейт. Жашоо кымбат жана мыйзамды буздуңбу, айып пул төлөйсүң. Ошондой эле кайсы өлкөдөн же кайсы улуттан болсоң дагы мыйзамдуу түрдө укугуң корголот, акыйкаттык бар.

Чындыгында Эмират өзүн дүйнө жүзүнө индустриясы эң күчтүү өнүккөн, жашаганга тынч, мамилекети бай, сабаттуу жана дени сак эл деп тааныткылары келет.

- Жаңы жумушка кирген учурда кызыктуу, анан эзели эстен кеткис окуялар болорун көп айтып келишет. Сиздин дагы жумуш тажрыйбаңызда дал ушундай окуялар кездешти беле?

- Ооба, кызыктуу окуялар көп болгон, интервьюларга барганда да көптөгөн күлкүлүү окуялар болгон. Бирөөсүн эстеп көрсөм, жаңы жумушка киргенимде менеджерибиз баарыбызды жумуш ордуларыбызга бөлүштүрүп жаткан кез болчу. Ошондо жалпы суроо берип ким үч тилде сүйлөй алганга жөндөмдүү деп сурап жатпайбы, "Who’s able to speak in three languages (Ким 3 тилде сүйлөй алат?)" деп. Баары жөн турса да мен деп кол көтөрүп, чуркап эле ортого чыгып, өзүм жөнүндө 3 (түрк, орус, англис) тилдеринде тааныштырып айтып бердим. Анан туруп алып "төртүнчү кайсы тилди билесиң?" деп жатпайбы а мен таң калып үч деп угуп алыптырмын, көрсө төрт тилде деп сураган экен да. А мен сыр бербей төртүнчүсүнө бийлеп берем деп кыргызча бийлеп берип кутулуп кеткем (күлүп).

Эми мындан айтайын дегеним канчалык ката сүйлөсөң да, уялбай токтобостон уланта берүү керек, улантуу менен такшаласын жана бардык нерсени бат өздөштүрөсүң.

- Тилекке каршы, өлкөдө кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук уланып келүүдө. Эмнеге көпчүлүк учурда кыздардын укугу тебеленип калууда деп ойлойсуз?

- Ооба, туура айтасыз, бүгүнкү күндө өлкөбүздө кыз-келиндерге дегеле жалпы аялзатына карата жасалып жаткан мамиле өтө кейиштүү. Мунун баары эмнеде, эмне себептен өлкөбүздө абал ушундай деңгээлге жетип калды деген суроого кайдыгер болбогон ар бир Кыргыз жаранын жүрөгүнө бүлүк салып ойлондурат. Менимче, бул албетте сапатсыздыктын жеткен туу чокусу жана көз караштын тардыгы. Бардыгы эмес, арасында көпчүлүк мырзалар аял кишиге жасаган мамилеси орой. "Дыйкан канчалык багын караса, багы ошончолук жашылданып мөмө берет" деген сөз бар го ошол сыяктуу эле мырзалар энелерине, эже-карындаштарына, аялзатына мамилеси, сыйы жогору болуп, алардын деле ой-пикирин угуп, колдоп койсо, аял киши да ошончолук ачылып, жакшы мүнөзү менен аларга мамиле жасашат. Өлкөбүздө, улутубузда аял кишилерге болгон мамиле өзгөрөт жана кыздардын укугу корголот деп ишенем.

- Азыркы учурда бүтүрүүчүлөр кесип тандап жаткан кези да. Учурда кайсы кесиптерди актуалдуу, суроо-талап жогору деп атай аласыз?

- Азыркы ааламдашуу заманында эң күчтүү техниканын тили болуп жатпайбы. Ошондуктан жаштарды компютердик технология, программалоо, маркетинг, IT тармактарында билим алууга чакырам. Биздин өлкө ичинде бул кесиптерге күчтүү деңгээлде талап жогору болбосо да, чет жактарда өтө актуалдуу болуп эсептелинет.

Азыр көпчүлүк жаштарга маалым болуп калгандай, IT түшүнүгү кирген аны үйрөнүүдө кандай артыкчылыктары бар жана кандай мүмкүнчүлүктөрдү ала алышат деп айтсак, албетте, компьютер ааламы бул эбегейсиз болгондуктан азыркы күндө актуалдуу да, талап да күчтүү. Ошону менен эле жаштарды тил үйрөнүшсүн, мүмкүн болушунча чет өлкөлөргө чыгып, билим алып, өнүккөн өлкөлөрдүн пайдалуу жактарын алып, Кыргыз өлкөсүнө келип тажрыйбаларын жаштар менен бөлүшсүн деген пикирдемин.

- Көп жылдан бери чет өлкөдө экенсиз. Кыргыз өлкөсүнө качан келейин деген ойлор бар?

- Ооба, чет жакта жүргөнүмө үч жыл болду. Шүгүр, азырынча бул жакта жумушум, жашоом баары канааттандырат. Ошондой эле бул жакта өсүп-өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөр көп болгондуктан биротоло өлкөгө кайтып кетүү жакынкы жылдарда оюмда жок. Кантсе да Кыргыз өлкөсүнө болгон сагынычым күн сайын күчөп, ата-энемди, бир туугандарымды сагынгандыктан буюрса, күзүндө эмгек өргөөгө чыгып, сагынычымды таратып барып келем деген пландарым бар.

Келечекте мекенге кайтып, бул жакта топтогон тажрыйбамды жаштар менен бөлүшөм деген ойлорум бар.

- Маектешкениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazarnew
2021-07-27 20:10:15
Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан