ЭЛДИК КАБАР: "Өкмөт чек ара окуясында мал-мүлкүн жоготкондордун чыгымын качан төлөйт?" дейт Баткендин Максат айылынын тургуну

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Баткен облусунун Максат айылынын тургуну кайрылды. Анда ал чек арадагы окуяларда мал-мүлкүн жоготкондордун чыгымын өкмөт качан төлөп берет деп кайрылган.

"Биздин үй күйгөн эмес, тоноп кетишкен. Кээ бир күйгөн үйлөргө караганда биздин мал-жандык, үй техникалар кымбат турат болчу. 6 баш уй, 1 ат кулуну менен бар эле, баалары 1 миллиондон ашат.

Баарынан да мал-жандыктарыбызды уурдап кетишкени жаман болду. Эми дагы Орусиялап кетемби? Өкмөт үйлөр салынып бүтсө мал-мүлк төлөнөт деген, салынып бүтүп калды. Качан төлөнөт болду экен?", - деп суроо салган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ulia...
2021-08-24 12:34:17
Менин куйоомдун деле машинасын урлап кеткен жаны ремонттон чыкканле алигече дайын жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан