Бишкек шаардык соту депутат Төрөбай Зулпукаровду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту депутат Төрөбай Зулпукаровду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал УКМКнын СИЗОсунда камакта калтырылды.

Ушул жылдын 31-май күнү Төрөбай Зулпукаров УКМКга суракка чакыртылган. Анда ал "Кумтөр" боюнча сурак бере турганы маалымдалып, сурактан соң камакка алынган болчу. 27-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Кумтөр" иши боюнча Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралып, мөөнөтү узартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-08-24 12:20:34
Камакта калсын Жеенбековдор менен кошо мамлекетти аябай жешти
+4
Kuban-1207
2021-08-24 12:21:00
Номер 1 жегичтер
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан