Жогорку Сот Акматбек Келдибековго 2015-2016-жылдары чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарды

Жогорку Сот 18-августтагы чечими менен Акматбек Келдибековго карата 2015-жылы жана 2016-жылдары чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2015-жылдын 12-ноябрындагы өкүмү жана Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмү, ошондой эле Жогорку Соттун 2016-жылдын 13-октябрындагы өкүмү жокко чыгарылган.

"Акматбек Келдибековдун ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жаңы кароого жөнөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.

Акматбек Келдибеков 2002-2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы жана 2008-2009-жылдары Салык кызматын башкарган убагында коррупция беренеси жана Жогорку Кеңештин спикери кезинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айып тагылган.

2013-жылы ноябрда УКМК тарабынан тергөө абагына киргизилип, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2015-жылы ноябрь айында "коррупция" беренеси боюнча актап, ал эми Москвадагы өкүлчүлүктү ачуу боюнча үч миллион сом айып салган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pankration_MMA
2021-09-03 17:18:49
Мунуда камаш керек эле.
+1
Dembele84
2021-09-03 22:12:16
А эми Ташиев досу олкону башкарып жатса,жон эле жокко чыгарат да
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан