ЭЛДИК КАБАР: "Окуу али баштала элек, бирок мектеп оңдоп-түзөө үчүн 350 сом сурап жатышат" дейт Бишкектин тургуну

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылды. Анда ал мектепте оңдоп-түзөө иштери үчүн ата-энелерден акча чогултулуп жатканын айтты.

"Менин 4 балам бар. Экөө №46 мектепке барат, экөө кичинекей. Али окуу баштала элек, бирок бизден мектептеги оңдоп-түзөө иштери үчүн 350 сом сурап жатышат. Ошондой эле "копилкага" (бор, самын, салфетка) айына 100 сомдон чогултабыз. Акчаны бергиле деп айтып жатышат.

Бул нерсени өзүлөрүнө айтсак, балдарды басынтышат. Каякка кайрыларымды билбей жатам", - деп кайрылды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Petrovka
2021-09-08 14:05:45
Петровкада да сурап баштады тамак ашка, спонсор болосуңар деп директорго гүл бергиле деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан