Алмазбек Атамбаев УКМКнын СИЗОсунда жатканда коронавирустун жеңил формасы менен ооруган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
"Атамбаев 2020-жылы 30-июндан 9-июлга чейин коронавирус илдети менен ооруган. Бирок ал айыккандан кийин гана бизге айтылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу №47 абакта дарыланууда.