Камактагы Жеңиш Молдокматовго карата ИИМде сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Буга чейин эле "массалык баш аламандык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Азыр "атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу", "бийликти күч менен басып алуу", "бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук" боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эске салсак, Жеңиш Молдокматов УКМК тарабынан кармалып, башында Ички иштер министрлиги Молдокматовго октябрь окуяларында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деп айыптаган. Андан соң айыпты “массалык баш аламандык” беренесине өзгөртүшкөн.