"ЭЛДИК КАБАР": "Чатырда жашап жатабыз". Селден жабыркаган Кара-Дарыя айылынын тургундары Садыр Жапаровго кайрылышты

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Анда алар селдин кесепетинен турак жайлары жараксыз болуп калгандыктан, чатырларда жашап жатышканын айтышты. Мындан сырткары эртели-кеч суук болуп, энелер ооруп жаткандыктарын билдиришти.

"Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө 20-июнь күнү сел жүрүп, тургундар жабыр тартып отурат. Бул жакта улгайган апалар, келечек ээлери болгон балдар, кош бойлуу эже дагы отурат.

Урматтуу президент, аталган видеону көрүп, тыянак чыгарып бересиз деп ойлойбуз", - деген айыл тургуну.

"Урматтуу Садыр Жапаров, биз кыйналып чатырда жашап жатабыз. Бизге жардам беришиңизди суранабыз. Келиним дагы ооруп, неберелерим суукта отурушат. Чатырда жашап жатканыбыз жакшы эмес", - деди айыл тургундарынын бири.

"Өзүм жалгыз бой энемин. Жардам бере турган эч кимим жок. Үйүбүз болсо 100 пайыз жараксыз, айласыздан 8 үй-бүлө бала-чакабыз менен отурабыз. Бизге кичине көңүл бөлүп, жардам берип коюуңузду суранабыз. Кыш келе жатат, ага чейин бул жерде калып калбайлы", - деди жергиликтүү тургун.

Ошондой эле чатырда жашап жаткандардын арасында кош бойлуу аял бар экенин айтып, жакында көз жарса кантип баласын чатырда багарына сарсанаа болуп жатканын кошумчалап өтүштү.

"Бул жерде сел жүргөндө баласын куткарам деп бутана пескоблок түшүп кетип, жаракат алган. Дагы деле жакшы боло албай жатат. Анын үстүнө кош бойлуу дагы. Эми көз жарса, наристесин кантип чатырда багат? Суук түшүп калды. Бизге жашоого ыңгайлуу турак жай керек болуп жатат", - деди тургундардын бири.

Эске салсак, буга чейин Жалал-Абад облусунун аймагында нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, жалпы 390 турак жай зыянга учурап, анын ичинен 106 турак жайдын ичине сел суулары киргени маалымдалган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Селден жабыркаган Кара-Дарыя айылынын тургундары Садыр Жапаровго кайрылышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан