Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 14-ноябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 16-сентябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү К.С.Асановго карата бөгөт коюу чарасы катары 2021-жылдын 14-ноябрына чейин камакка алуу түрү тандалды. Ал Юстиция министрлигине караштуу №50 тергөө изоляторуна камакка алынды", - деп билдиришти соттон.
14-сентябрь күнү ИИМдин тергөө кызматы тарабынан "бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча шектүү катары Курсан Асанов кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.