Биринчи Май райондук соту Алмаз Сарыбаевди 15-ноябрга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 16-сентябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү А.А.Сарыбаевге карата бөгөт коюу чарасы катары 2021-жылдын 15-ноябрына чейин камакка алуу түрү тандалды. Ал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу №21 тергөө изоляторуна камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.
Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган.