Бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан Алмаз Сарыбаев ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан маалымдашты.
"Алмаз Сарыбаев Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү аркылуу акыйкатчы Токон Мамытовго жазуу жүзүндө кайрылып, бүгүн саат 16:00дөн тартып ачкачылык акциясын баштарын маалымдады. Ачкачылык кармоого негиз катары ага негизсиз жана мыйзамсыз кылмыш ишинин козголушун атады", - деп жазылат билдирүүдө.
Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга шектелип 16-сентябрда кармалган.