“Үйдүн жоопкерчилиги – ошол үйдө жашаган ар бир кишинин милдети”

Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү бактылуу болуш үчүн кандай жашаш керек? Бул тууралуу ГАЛС ыкмасы боюнча тренер Римма Султанова менен болгон маекти сунуш кылабыз.

ГАЛСбул үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн бактылуу болушуна шарт түзүүгө багытталган ыкма. Бул окуунун негизги мааниси үй-бүлөдөгү мамилени туура түзүү, үй иштерин, каражатты, мүлктү туура бөлүштүрүү. Анда бардык маселени алдын ала сүйлөшүү, баарлашуу, кеңешүү, ишти пландоо аркылуу чечилет. Бул ыкманын түпкү максаты үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кыялдарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Үйдүн иши - ошол үйдө жашаган ар бир кишинин милдети.

“Мен аялыма үйдөгү иштерге жардам берип жатам” – деп айтып калышат. Мен айтам “ушул жерде жашасаңыз, бул үй, оокат жай, аял, балдар сиздики болгондон кийин эмне үчүн жардам бересиз. Ал сиздин дагы тең милдетиңиз болуп эсептелет”. Андыктан жардам берет деген туура эмес. “Жардам берет” деген сөзгө көбү маани бербейт, бирок анын артында үйдүн жумушуна болгон эки тараптын тең мамилеси камтылган. Өзүнүн милдетин киши башкача аткарат. Ал эми жардам берген башка нерсе. Кааласак жардам беребиз, каалабасак жок. Аялынан дагы сурайм, эмнеге “мага жардам берет” деп жатасыз? Бул сиздин жолдошуңузбу? Анда эмне үчүн жардам берет? Ишти чогуу жасап, чогуу эс алган кандай жакшы!

Үй-бүлө – деген эмне? Бул бири-бирин сыйлоо, кеңешип чечим чыгаруу, бири-бирин түшүнүү, колдоо, үй-бүлөнүн түйшүгүн бирдей тартуу. Эгерде мындай болбосо ал үй-бүлө деле эмес. Эркек же аял чечим чыгарат деген туура эмес. Кеңешип кескен бармак оорубайт.

Гендердик теңдик – бул чогуу келишим түзүп ага эки тарап макул болуп жашоо. Мисалы, аялы айтат, мен азыр шартка байланыштуу үйдө эле отуруп, үйдүн эле оокатын алайын, жолдошу айтса, макул мен анда аракет кылып сырттын жумушун кылайын, акча табайын, иштейин, сүйлөштүкпү. Экинчи мисал аялы машина айдоо боюнча инструктор болуп иштегиси келсе, жолдошу – “эң сонун иште, мен тигүүчү цехте ишимди улантып чогуу акча табалы, кечинде үйгө келгенде үйдүн оокатын чогуу жасап жиберебиз” деп макулдашат. Бул дагы гендердик теңчилик. Үчүнчү мисал эркек киши айтат “жумуш жок болуп жатат, мен иштеген кафе жабылып калды, иш тапкыча балдарды карап, үйдүн оокатын жасай берейин”. Аялы болсо IT адис болуп иштеп үйгө акча таап келип турайын” дейт. Бул дагы теңдик. Ошол эле учурда “сен эркектей болуп иштебейсиң” “аялга окшоп үйдө отурбайсың, тамак жасабайсың” “катындай болуп үйдө отурасың” деп бирин-бири жеген сөздөр эмес, ой дагы болбошу керек. Чогуу чечим чыгаруу, бири-бирин сыйлоо, угуу, макулдашып жашоо бул - гендердик теңдик.

Бугүн 21-кылым, технология өнүгүп, заман түп тамырынан өзгөргөн. Байыркы кылымдарда шартка байланыштуу эркектер сыртка чыгып, тамак таап, аял болсо үйдүн очогун, балдарын карап отурган. Ошону дагы чогуу кеңешип чечим чыгарып алышкан.

Бүгүн болсо мурункудай отуруунун кажети жок, аялдар эркектер менен бирдей эле иштеп жашоого каражат таба алышат. А биздин айрым үй-бүлөлөрдө “сен аялсың, үйдө отурасың, мен тапканга сүйүнөсүң” деген эски түшүнүк дагы дале сакталып калган.

Кишиде эки гана жол болот: өнүгүү же деградация. Аялдарга жана кыздарга карата зомбулук жасалганы тууралуу маалымат күн сайын чыгат. Анын түпкү себеби баарлашууну, сүйлөшүүнү билбегендик, заманга жараша өзгөрө албагандык. Эгер өнүкпөсө сөзсүз деградация болот. Деградация эч качан жакшы нерсеге алып келбейт. Өнүгүү – бул жаркын келечек.

Зомбулуктун түпкү себеби биздин аң сезимде калыптанып калган - гендердик стереотиптерде. Мисалы, эркек бала төрөлсө үй-бүлө мүчөлөрү сүйүнүп “эркек колунан баары келет” “бул кожоюн болот” деп чечим чыгарып коюшат. Кыз төрөлсө “бул үй оокатын жасайт” дешет. Ошол балдардан, анын ата-энесинен “кандай максаттарың, кыялдарың бар” “кандай жашагың келет” деп сурабайт. Тескеринче баягы эле көнгөн образды үстү-үстүнөн кийгизип жүрө беребиз. Ошол образдардын кишинин мүнөзүнө, каалоосуна туура келбей калуу зомбулуктун башаты болот. Ар бир киши өзүн ойготуп, бул жашоодо мага эмне керек, канткенде бактылуу болом деген суроону коюш керек. Максаттуу, маңыздуу жашоого эмне жетсин!

Чындап уят нерселердин тизмесин түзүш керек деп ойлойм.

Бирөөнү ала качса – уят эмес, ала качкан кишини түрмөгө салып, босогодо жаткан кемпирди аттап кеткен уят болуп калат бекен?

Зордуктаса – уят эмес, зордуктады деп арыз жазган уят бекен?

Аялын, балдарын сабаган уят эмес – а ошол зөөкүр күйөөсүн жазалагыла деп арыз жазса уят болуп калат бекен?

Күнүгө кадыр-баркы тебеленип, психологиялык басым көрүп жатса болот, ажырашып тынч жашайын десе уят болуп калат бекен?

Аялдарга бактылуулуктун жолун издегиле деп кеңеш берет элем. Ар бирине айтмакмын: өзүңөргө суроо берсеңер: Бул жашоодон эмнени каалайм? Мени эмне бактылуу кылат? Ошого кайсы жол менен барсам болот? Сөзсүз 2-3 жол чыгат. Ошонун бирин тандаш керек. Ошол бактылуулук жолуна багыт алган чечимден жазбаш керек.

***

БУУ жана ЕБнын «Теӊдик нуру» демилгесинин колдоосунда уюштурулган “Тилектештик автобусу” долбоорунун адистери бул жылы ГАЛС ыкмасы боюнча окуулардан өтүшкөн. Катышуучулар бул окуу - пикирди, көз карашты өзгөрткөн трансформациялык тренинг болду деп жогору баа беришип, элге укуктук жардам көрсөтүүдө чоң таасирин тийгизгенин айтышкан.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан