Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын соттук отуруму 29-сентябрга жылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын үстүнөн козголгон иш боюнча соттук отурум жактоочулардын келбегендигине байланыштуу 2021-жылдын 29-сентябрь күнү саат 14:00гө жылдырылган.