Темир Сариевдин тарапташтары шаардык соттун алдына митингге чыгышты

Бүгүн, 8-октябрда экс-премьер-министр Темир Сариевдин тарапташтары делген 60тай адам шаардык соттун имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар Темир Сариевдин боштондугун талап калышууда.

Буга чейин Биринчи Май райондук соттун чечими менен Темир Сариев 30-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылган. Жактоочулардын айтымында, соттук отурум Жазык-процессуалдык кодексти одоно бузуу менен өткөн.

Эскерте кетсек, Темир Сариев 3-августта "Кумтөр" иши боюнча УКМК тарабынан кармалган. Ал УКМКнын СИЗОсунда 30-сентябрга чейин камакта калтырылган.

Атайын кызмат Сариев экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турганда "Кумтөр" кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан