Темир Сариевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү кароо 12-октябрга жылды

Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызды кароо 12-октябрга жылды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, сот Темир Сариевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызды кароону кийинкиге калтырды. Буга чейин биринчи инстанция Темир Сариевди камакта калтырган. Соттун чечимине макул болбогон жактоочу тарап чечимге каршы апелляциялык арыз менен кайрылган. Сариев шаардык сотко жеткирилген жок, буга байланыштуу сот 12-октябрга саат 16:30га жылдырылган.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Биринчи Май райондук соту тарабынан 30-ноябрга чейин камакта калтырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан