"АКШ студенттердин эркиндигин биринчи орунга коёт" дейт Америкада окуп жаткан кыргыз жигити (маек)

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Татыктуу билим алып, керектүү адистикке ээ болуу - бүгүнкү күндүн талабы. Ал эми ага жетүү үчүн чет өлкөдө билим алуу чоң эмгекти жана түйшүктү талап кылат. Биздин бүгүнкү каарманыбыз 20 жаштагы Марлен Нурматов. Ал азыркы учурда АКШнын Вирджиния штатында учурдун эң актуалдуу кесиби IT тармагында окуп жатат. Марлен аталган өлкөгө болгон билим сапары, алдыга койгон максаттары тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

- Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз...

- Менин аты-жөнүм Марлен Нурматов. 20 жаштамын. Мектептеги мугалимдер айтмакчы "Кыргыз өлкөсүнөн" болом. Кут-Билим окуу-тарбия комплексинин 2019-жылкы бүтүрүүчүсүмүн. Азыркы учурда Америка Кошмо Штаттарында билим алып жатам.

- АКШга окууга кандайча барып калдыңыз?

- АКШга көпчүлүк окуучулардай эле 10-класстан баштап даярданып баштагам. Лицейибизде англис тилин орточо окуткандыгына жана жатып окуганыбызга байланыштуу жарым жыл Бишкектин орто мектептеринин бирине которулуп, шаардагы мыкты англис тили жана TOEFL курстарына барып даярдандым. Курстарды бүтөр замат TOEFL тестин тапшырып, керектүү балл алып АКШдагы колледждердин бирине кабыл алындым. 11-класс аякталышы менен эле студенттик виза алып, азыркы убакытта АКШда окуп жүрөм.

- Окууңуз тууралуу айтып берсеңиз

- Кыргыз өлкөсү менен айырмачылыктары - мен “Нова” комьюнити колледжинде (“Northern Virginia community college”) computer science тармагында окуп жатам. Менин колледжимдин мекендеги окуу жайларга салыштырмалуу эки чоң айырмачылыгы бар: 1) АКШдагы колледж, университеттер кредиттик системасы менен окутушат. Кредиттик система - “карыз” дегенди түшүндүрбөйт. Ал кандай система дегенде? Окуучу өзү тандагaн кесиптин сабактарын гана алат. Мындайча айтканда, эгер мен computer science кесибин тандасам, ал кесипте 64 кредиттик сабак бар болсо, computer science дипломун алыш үчүн мен бардык 64 кредит сабактарды бүтүрүшүм керек.

Экинчи айырмачылыгы бул сабактарды окуу убактысы. Студент бир семестрдe алган сабактарын окуу убактысын тандаса болот. Мисалы, студент бир окуу чейрегинде төрт сабак алса, ал төрт сабакты төрт күнгө бөлүп, күнүнө 2 сааттан окуса болот. Эгерде кааласа 4 сабакты бир күндө алып, бир жумалык сабактарды бир күндө окуп койсо болот. АКШда мамлекет студенттердин эркиндигин биринчи орунга коёт.

- Чет өлкө сизди эмнеге үйрөттү?

- Чет өлкө мени эрктүү болууга жана өзүмө ишенүүгө үйрөттү. АКШда жашап ар түрдүү көз караштагы адамдар менен маек куруп, алардын көз карашын жана жалпысынан алганда америкалыктардын бактылуулук жашоо сырларын изилдеп, кээ бир аябай жакшы сыпаттарын өзүмө өздөштүрдүм. Мисалы, болушунча адамдарга жакшы мамиле кылуу, комплимент айтуу, маанайы түшүп калca адамга колдон келишинче колдоо көрсөтүү жана ушул сыяктуу оң сыпаттарды күнүмдүк жашоомо сиңирип келем.

- Кыргыз жаштарына ийгиликке жетүү үчүн кандай кеңештерди сунуштайт элеңиз?

- Эң биринчи жана эң башкы нерсе бул өзүнө ишенүү болуш керек. Анткени өзүнө ишенбестик адамдын ийгиликке жетүүсүндө аябай чоң тоскоолдук жаратат деп ойлойм.

- Келечектеги максаттарыңыз тууралуу айтып берсеңиз...

- IT тармагы аябай бат өсүп келе жатканына байланыштуу келечекте IT гигант компанияларынын биринде стажировка өтүп, керектүү билим алып, Кыргыз өлкөсүндө IT'ге кызыккан адамдарды окутуп, даярдап, Кыргыз өлкөсүндө отуруп эле ошол компанияларга иштей тургандай кылып, мекендештерибизди көп-көп жумуш орундары менен камсыз кылгым келет.

- Тил үйрөнүүдө кеңештериңиз

- Башка тилди үйрөнүп жаткандарга айтчу кеңешим бул тил корун көбөйтүү. Бирок андан да эң маанилүүсү бул практика. Практикасы жок жатталган сөздөр оңой эле унутулуп калат. Экинчиси, тил үйрөнүп жаткандарга башка чет элдиктер менен жана ошол тилди жакшы өздөштүргөн адамдар менен сүйлөшүүдө уялбоого чакырам. Анткени уялганда адам өзүнүн ойлорун жоготот, топтолуп жаткан ою бузулат, ошондой эле эркин сүйлөшүүгө чоң тоскоолдук жаратат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rusi79
2021-10-10 10:18:54
Кулкумду келтирбечи эркиндиктин туу чокусу бизде,кааласан акчан коп болсо 5жыл универге каттабай эле диплом алсан болот.
-1
tannuru1503
2021-10-11 10:31:24
Бизде эркиндиктен дагы коррупция биринчи орунда турат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан