“Эл Үмүтү” социалдык-саясий партиясы шайлоого катышат

“Эл Үмүтү” социалдык-саясий партиясынын лидери Аскар Алмаз уулу алдыда өтө турган VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосуна “Эл Үмүтү” социалдык-саясий партиясы да катыша турганын кабарлады. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирип, бул чечимди партия мүчөлөрү менен биргеликте кабыл алганына токтолду.

“Эл Үмүтү” социалдык-саясий партиясы жаңы түптөлүп, курамына активдүү, өлкөнүн коомдук-саясий абалына кайдыгер карабаган жаш муундун өкүлдөрү, активисттер кирген. Партия мүчөлөрү буга чейин өткөрүлгөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна “Биздин Эл” партиясы менен катышып, жеңишке жетишкен. Бирок Боршайком шайлоодо мыйзам бузулду деген кине менен ал шайлоону жокко чыгарган. Андан соң кайра өткөрүлгөн шайлоого “Биздин Эл” партиясы катышуудан баш тартып, мунун себебин каражаттын жоктугу менен байланыштырган.

Алдыдагы шайлоо - “Эл Үмүтү” социалдык-саясий партиясы үчүн чоң сыноо. Анткени республикалык масштабды камтыган шайлоого партия жана анын мүчөлөрү биринчи жолу катышып жатат. Ушуга байланыштуу “Партия шайлоодо жетиштүү добуш топтой алабы же жокпу?” – деген суроо туулбай койбойт.

Бул тууралуу партиянын лидери Аскарбек Алмаз уулуна кайрылганыбызда, ал буларга токтолуп: “Биздин командада мындай коркунуч жок. Себеби эл азыр ойгонуп, жакшы менен жаманды айырмалап билип калды. Өткөн жылдагы пандемиядагы кыйынчылык элдин аң-сезимин ойготту. Октябрь окуялары да ошондо башталган элдин нааразычылыгынан улам келип чыккан. Эл куру убада бергендерден чарчады. Кыргыз эли бийликке жаштардын келишин, жөн гана жаштардын эмес билимдүү, позициясы бекем, өлкөнүн, жарандардын кызыкчылыгы үчүн иштей турган прогрессивдүү жаштардын бийликке келишин талап кылууда.
Ошондуктан бул шайлоодо акча негизги орунда турбайт. Буга кошумча өлкө жетекчилиги да шайлоону таза, ачык өткөрүүнү моюнуна алды. Бул да бизге чоң ишеним берип жатат. Эң башкысы “Эл Үмүтү” социалдык-саясий партиясында идея, реалдуу программа бар. Биздин башкалардан артыкчылыгыбыз ушунда. Ошол эле маалда айрым саясий оппоненттерибиз ар кандай чабуулдарды, каралоолорду уюштуруп, бизди шайлоодон четтетүүгө аракет көрүшөт. Бул саясатта болуп келген ыплас көрүнүш. Бирок биз мындай провокациялык аракеттерге моюн сунбайбыз. Себеби биздин моюнубузда элдин үмүтү, ишеними турат. Бул биз үчүн баарынан маанилүү”, – деп билдирди.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан