Түркиядагы Бурса Улудаг университетине кантип окууга тапшырса болот? Мекендешибиз Бурул Туркменова айтып берет (маек)

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Биздин бүгүнкү каарманыбыз азыркы учурда Түркия мамлекетинин Бурса Улудаг университетинде билим алып жаткан кези. Максаттарын ишке ашыруу үчүн талыкпай изденип, аракет менен баарына жетүүгө болорун далилдеген кыргыз кызы Бурул Туркменова менен болгон маек.

- Бурул, саламатсызбы? Алгач эле өзүңүз тууралуу кенен маалымат бере кетсеңиз...

- Саламатчылык. Мен Бурул Туркменова. Талас облусунда төрөлүп, балалык күндөрүм Атай Огонбаев айылында өттү. Үй-бүлөдө жети бир тууганбыз, мен экинчисимин. Алты жыл Мейилкан Козубекова атындагы орто мектебинде билим алдым. 2012-жылы Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинде окуумду уланттым. Кийин түрк лицейине тапшырдым. Бишкек шаарында, Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинин программалоо бөлүмүн аяктадым. Азыркы учурда Бурса Улудаг университетинин экономика факультетинин менеджмент бөлүмүндө 4-курста окуп жатам.

- Кесип тандоо жаатында суроо бергим келип турат. Эмне үчүн окуп жаткан кесибиңизди тандап алдыңыз?

- Туура кесип тандоо ар бирибиз үчүн абдан маанилүү. Адам өзүн жакшы тааныса, өзүнүн жөндөмдүүлүгүн билсе, кесип тандоодо кыйналбайт деп ойлойм. Мага жаккан жана менин жөндөмдүүлүгүмө дал келген кесип болгондугу үчүн мен менеджмент кесибин тандап алдым. Мен лицейде окуп жүргөндө коомдук иш-чараларга көп катышчумун жана лицейдин ичинде дагы аябай активдүү болчумун. Бул менин кесип тандоомо жардамын тийгизди десем болот.

- Чет өлкөгө бакалаврга тапшырууда эмнелерди эске алуу керектигине токтоло өтсөңүз...

- Чет өлкөдө ар бир университеттин, программалардын өзүнүн талабы бар. Бирок эң негизгилери: англис тили сертификаты, мотивациялык кат, сунуштама кат, академикалык транскрипт, диплом жана грамоталар.

- Азыркы учурда билим алып жаткан университетиңиз тууралуу айта кетсеңиз...

- Бурса Улудаг университети Түркиянын алдыңкы университетинин бири. Университет 1975-жылы курулган жана жыйырмадан ашык факультети, элүүдөн ашык бөлүмү бар. Азыркы учурдан 80 миңден ашык студент билим алат. Алардын 5 миңи башка өлкөдөн келген студенттер. Университетте студенттер үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Мисалы, лабораториялары, китепканалары жана жатаканалары акыркы технология менен жабдылган.

- Бурса университетине кандай жолдор менен тапшырдыңыз?

- Бурса Улудаг университетине тапшыруунун бир канча жолу бар. Мисалы, ЖРТ менен университеттин өзүнүн YÖS деп аталган экзамени менен, Түркия стипендиялары менен (Türkiye bursları) жана башкалар. Мен Түркия стипендиялары программасы менен тапшыргам.

- Чет өлкөдө окууну балалыкта кыялданган чыгарсыз…

- Ооба. Лицейде окуп жүргөн учурда чет өлкөдө окуган эжелерибиз келип, университеттер жөнүндө айтып беришчү. Ошондо мен дагы чет өлкөдө билим алам деп кыялдангам. Азыр ошол кыялым ишке ашып, кызыктуу окуяларга, жаңы билимге, тажрыйбага толгон студенттик күндөрүм ойдогудай өтүп жатат.

- Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?

- Бош убактымда семинар, конференцияларга катышып, ар кандай журнал китептерди окуп, өзүмдү ар тараптан өнүктүрүп жатам. Эс алуу күндөрүмдү досторум менен Түркиянын башка шаарларын кыдырып өткөрөм.

- Келечектеги максаттарыңыз тууралуу баяндап берсеңиз...

- Буюрса, келечекте алдыңкы өнүккөн компанияларда иштеп, тажрыйба топтогум келет. Андан кийин өзүмдүн компаниямды ачып, Кыргыз өлкөмө салымымды кошсом дейм.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alimbek94
2021-10-21 16:58:22
Азаматсынар кыздар оркундой бергиле, осо бергиле, сулуу болуп журо бергиле. Жашоодо жыргап, ырдап, кулуп журо бергиле.
-2
Janym_ata_enem
2021-10-21 17:19:03
alimbek94,азаттыктыктын жолунда... Деп улап койбоптурсун ушунча болду эми
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан