Орусиялык "Минута славы" шоусунун катышуучусу, вьетнамдык ырчы Нгуен Ван Хынгдын жансыз денеси Москва шаарындагы батирлердин биринен табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ырчы 39 жашта болчу, ал аталган шоу аркылуу элге таанылган.
"Жансыз денеге кароо жүргүзгөндө күч колдонуу белгилери болгон эмес. Териштирүү иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.