АКШда окуп жаткан келечектеги жасалма интеллект багытындагы IT адиси менен маек

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Биздин бүгүнкү каарманыбыз азыркы учурда АКШда Bellevue колледжинде билим алып жаткан кези. Келечектеги жасалма интеллект багытындагы IT адиси Айбике Касымова аталган өлкөгө болгон билим сапары, алдыга койгон максаттары тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

- Айбике саламатсызбы, өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз.

- Саламатсызбы, менин атым Айбике Касымова,19 жаштамын. Кеминден болом. Учурда Bellevue колледжинде компьютердик технологиялар бөлүмүндө дистанттык негизде окуйм жана Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында жашайм. Мен Инстаграмда Америкадагы студенттин жашоосу тууралуу блог жазам. Сокулуктагы №1 Алымкул Жакшылыков атындагы мектеп-гимназиясын сырттан бүтүргөм.

- Эмне себептен окуп жаткан кесибиңизди тандап алдыңыз?

- Кичинекей кезимден эле адамдарга жардам берүүгө аракет кылып, кийинчирээк бул каалоом психологдук кесипке айланып кетти. Жылдар өтүп, чоңоюп, мен психолог болуу менен аз гана адамдарга жардам бере аларымды түшүндүм. Көп окууга жана өзүмдү ар тараптуу өнүктүрүүгө аракет кылам, мунун аркасында мен максатымды ишке ашырууга жардам бере турган, жаңы өнүгүп келе жаткан тармак катары жасалма интеллект жөнүндө билдим. Көрсө, мен жасалма интеллект менен психологияны айкалыштыргым келет экен, натыйжада адамдардын ой жүгүртүүсүн өзгөртүүгө жардам бере турган бир нерсе жараткым келет.

- Чет өлкөгө тапшырууда эмнелерди эске алуу керектигине токтоло өтсөңүз.

- Менин оюмча, эң негизгиси тандап алган кесипти аркалоого болгон каалоонун чын пейилдиги. Чет өлкөдө окуунун өзүнүн жакшы жактары да, кемчиликтери да бар жана чын жүрөктөн каалоо, сүйүктүү ишиңдин оту гана күнүмдүк кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет.

- Билим алып жаткан окуу жайыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

- Bellevue College Сиэтл шаарынын борборунан 10 миль (16чакырым) аралыкта жайгашкан. Вашингтон штаты жыл сайын 32 миңден ашык студенттерге жогорку билим берүүнүн эшигин ачат. Бул абдан жакшы колледж жана мага кызматкерлердин студенттерге жардам берүү үчүн болгон аракетин жумшаганы жагат.

- Колледжге кандай жолдор менен тапшырдыңыз?

- Колледжге кабыл алынышыма менин досум Жанат Калмаков жардам берди. Биз өзүбүз арыз берип, колледж менен сүйлөштүк. Документтерди тапшыргандан тартып виза алууга чейинки процесс 3 айга созулду.

- Чет өлкөдө окуу көксөп жүргөн кыялыңыз болгондур?

- Ооба, мен чет өлкөдө билим алууну кыялданчумун жана мени ар дайым колдоп келген ата-энемдин аркасы менен 15 жашымда Кытайга барып, бир жыл окудум. Мекенге келгенден кийин Кыргыз өлкөмө таптакыр башка көз менен карап, өлкөмдүн өнүгүшүнө жардам берем десем, билимди чет өлкөдөн алыш керек экенин түшүндүм.

- Бош убактыңызда эмне кыласыз?

- Учурда Инстаграмда блогумду өнүктүрүүгө басым жасап жатам, андан сырткары спорт менен машыгып, көп китеп окуганга аракет кылам. Ырдоо дагы менин хоббим.

- Келечектеги максаттарыңыз менен бөлүшсөңүз.

- Бизде психикалык саламаттыкка тийиштүү көңүл бурулбайт деп эсептейм. Менин максаттарым ушуга байланыштуу, мен адамдардын психикалык жактан өнүгүшүнө жардам бергим келет. Колледжди аяктагандан кийин алган билимимди иш жүзүндө колдонуп, стажировкадан өтүүнү пландап жатам. Ар бир кыз сыяктуу мен да чоң сүйүү менен үй-бүлө кургум келет.

- АКШга барам дегендерге кеңешиңиз.

- Эң негизгиси - өзүнө болгон ишеним жана көп эмгек. Биринчиден, адам өзү жасап жаткан ишине ынанышы керек. Азыр бардык маалыматтар эркин болуп турган мезгил. Кааласаңыз, сизге керектүү куралдардын баарын таба аласыз, жада калса акысыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bishkek-Kg
2021-10-29 06:48:30
4-сүрөттө буту аябай чоңго 43,45 - размер окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан