Эл артисттери кызыл килемден өтүп, даректүү тасма көрсөтүлөт. Эртең маданият күнү белгиленет

Эртең, 2-ноябрда Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет. Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Эл артисттери кызыл килемден өтүп, “Кыргыз маданиятынын залкарлары” даректүү тасмасы көрсөтүлөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашат.
Ошондой эле Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Кыргыз улуттук филармония, Улуттук академиялык драма театры, Улуттук консерваториясы, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университети, А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки, М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы, М.Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернаты тарабынан даярдалган концерттик программа сунушталат.
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында орун алып, саат 10:30да Кыргыз Республикасынын Эл артисттери кызыл килемден өтүшөт.
Салтанат саат 11:00дө башталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан