Бүгүн, 25-ноябрда Биринчи Май райондук соту Асылбек Жээнбековдун камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин карайт.
Учурда соттун имаратынын алдында мурдагы депутаттын тарапташтары чогулуп, Жээнбековду камактан чыгарууну талап кылышууда.
Буга чейин Биринчи Май райондук соту Жээнбековдун камактагы мөөнөтүн 30-ноябрга чейин узарткан.
Эске салсак, мурдагы депутат Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" иши боюнча УКМКга сурак берип чыккандан кийин камакка алынган.