Камактагы Тайырбек Сарпашевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Бүгүн, 25-ноябрда Биринчи Май райондук соту Тайырбек Сарпашевдин камактагы мөөнөтүн 2022-жылдын 30-январына чейин узартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган райондук соттон билдиришти.

"Биринчи Май райондук сотунун 25-ноябрындагы токтомуна ылайык, Сарпашевге карата мурда тандалган УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2022-жылдын 30-январына чейин узартылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, буга чейин "Кумтөр" иши боюнча мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев да кармалган.

Андан кийин ал жаңы кылмыш ишине шектелип кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан