УКМК тарабынан кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун камактагы мөөнөтү 2022-жылдын 30-январына чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-ноябрда Биринчи Май райондук соту Зулпукаровдун мөөнөтүн узартуу ишин карап чыккан.
Ушул жылдын 31-май күнү Төрөбай Зулпукаров УКМКга суракка чакыртылган. Анда ал "Кумтөр" боюнча сурак бере турганы маалымдалып, сурактан соң камакка алынган болчу. 27-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Кумтөр" иши боюнча Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралып, мөөнөтү узартылган.