Асылбек Жээнбеков 30-январга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 25-ноябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Асылбек Жээнбековго карата мурда тандалган Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2022-жылдын 30-январь күнүнө чейин узартылды", - деп билдиришти райондук соттон.
Эске салсак, мурдагы депутат Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" иши боюнча УКМКга сурак берип чыккандан кийин камакка алынган.