ЖАМК: "Мелис Аспеков ооруканадан СИЗО-1ге которулган, өзүн жаман сезгенден улам кайра бейтапканага жаткырылды"

УКМК тарабынан кармалган Мелис Аспеков 17-ноябрда ооруканадан СИЗО-1ге которулган. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аспеков СИЗО-1ден өзүн жаман сезгенден улам 19-ноябрда ооруканага кайра жеткирилген.

"Аспеков Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн, кийинчерээк кайра палатага которулган", - деди басма сөз кызматынан.

Буга чейин Мелис Аспеков инфаркт алып ооруканага жаткырылган. Андан соң жүрөгүнө операция жасалып, менчик клиникалардын биринде операциядан кийин дарылануусун улантып жаткан

Мелис Аспеков 8-январда УКМК тарабынан кармалган. 10-январда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал жана дагы бир активист Улан Жураев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынган. УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган.

Кийин тергөө абагында отурган активист Аспеков Фейсбуктагы баракчасына президент Жапаров талапкер учурунда шайлоо кампаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган.

Ички иштер министрлиги анын бул билдирүүсүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү баштаган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан