Рыскелди Момбеков: "Мен шайлоодон четтетилген жокмун"

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилбегенин жарыялады. Бул тууралуу саясатчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылууда айтты.

"Урматтуу кыргыз элим. Кечээ кечке мени шайлоодон четтеткен БШКнын чечими боюнча Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылдым. Бул деген БШКнын чечими токтогонун билдирет. Демек, сиздер шайлоого келип, мага добуш берсеңиздер болот. Бишкек шаардык сотунун жыйыны бүгүн саат 16:00дө башталат. Бирок бул соттун чечими дагы акыркы болуп эсептелбейт. Анткени мыйзамдын талабы боюнча, Жогорку Сот гана акыркы чечимди чыгарат. Бул 1 жумалык иш. Сиздер шайлоого келип мага добуш берсеңиздер болот", - деди Момбеков.

Буга чейин Рыскелди Момбеков жогорку билими боюнча дипломду мыйзамсыз алганын УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынан маалымдаган. "Социал-демократтар" партиясынан Рыскелди Момбековдун жасалма диплому бар деген УКМКнын билдирүүсүнө комментарий берип, дипломдун күтүүсүздөн текшерилиши оппозициядагы депутатка басым жасоо аракети менен түшүндүрүшкөн. Кийинчерээк Момбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн сотко кайрыларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
heaven2016
2021-11-26 14:55:50
Макул барып шайлайбыз
+4
KG-312
2021-11-26 14:57:39
Сени өзүңдүн эле туугандарың, досторуң шайлабаса, башка эч ким деле шайлабайтко.
+2
jigit.paren
2021-11-26 18:48:44
Ишенимди ичинен Медер Алиевди шайлайлы
-2
futboler
2021-11-26 19:29:48
Майлоо болбосо шайлоо болбойт)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан