Президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалган президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо тил каттын негизинде үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Салиев президенттик аппараттын башчысынын орун басары кызматына 2017-жылдын декабрь айында ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кол койгон жарлыгынын негизинде дайындалган. 2020-жылдын 20-октябрында ошол учурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан алынган. Ал 2-класстагы мамлекеттик кызматынын кеңешчиси.

16-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 3-бөлүмү ("мыйзамсыз баюу") фактысы боюнча Алмамбет Салиев кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан