Жалпы 2 миң 494 участкалык шайлоо комиссиясы бар. Анын 2 миң 393ү саналып бүттү. Муну менен 95,95 пайыз участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыгы болуп саналат.
Эң көп добуш алган "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы болду. Саат 16:00гө карата аталган партия кол менен эсептөөдө 16,92 пайыз добуш алган.
"Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан кимдер парламентке депутат болуп келиши мүмкүн?