БШКнын төрайымы: "Партиялардан 500гө жакын шайлоо тилкелериндеги добуштарды текшерүү боюнча кайрылуулар түштү"

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

Борбордук шайлоо комиссиясы автоматтык эсептөөчү урналардын жана добуштарды кол менен эсептөөнүн маалыматтарынын тууралыгын көз карандысыз текшерүү боюнча түзүлгөн топтун жыйыны өтүп жатат. Анда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуштар кол менен саналып бүткөнүн айтты.

"Бардык партиялардын өкүлдөрүн кошуп топ түзүүнү сунуштаганбыз. Топ түзүлдү. Топтун милдети сайттагы автоматтык эсептөөчү урналардагы маалыматтарды далилдөө үчүн түзүлгөн. Биз бүгүнкү күнү бардык жыйынтыктарды сайтка жайгаштырдык. Кол менен саноо протоколдору системага киргизилди. Аныктыгын далилдөө үчүн коомдук байкоочулар маалымат берерин билдиришти. Автоматтык эсептөөчү урналардагы маалыматтарын текшерүү үчүн төмөнкүдөй иш тартиптери сунушталат. Көрсөткөн адистерге жыйын өткөрөлү, биздин адистер программанын бөлүгүн көрсөтүп берсин. Шайлоо тилкелери боюнча бардык партиялар сунуштарын беришти. Ар бир партиянын аймактардагы шайлоо тилкелеринде кайра саноону жүргүзүп бергиле деп кайрылышты. 500гө жакын шайлоо тилкелериндеги добуштарды текшерүү боюнча кайрылуулар түштү", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан