Учурда чет өлкөдө иштеп, жер көрүү жаштардын арасында популярдуу болууда. Ошондой эле акча табуу менен саякаттоонун бирдей колго алган жаштарыбыз арбын. Алардын бири - Даниел Канатбек уулу. Круиздик лайнерде иштеп, 11 өлкөнүн 20 шаарчасын көрүүгө жетишкен. Каарманыбыз кыска аралыкта алган таасирлери, кызыктуу окуялары тууралуу баяндап берди.
- Чет өлкөгө эмгектенүүгө кетүү үчүн канча убакыт, кайсы программа менен даярдандыңыз?
- Жарым жыл англис тили курстарында окуп даярдандым. Бишкек шаарында жайгашкан чет мамлекетке жумуш орноштуруу агенттиги аркылуу барып келдим. Англис тилин терең үйрөнүү жана маяна жогору болгондуктан акча табуу максатында баргам.
- Чет өлкөдө жүрүп эмне жумуш менен алектендиңиз?
- Круиздик лайнерде официант болуп иштегем.
- Канча өлкөнү кыдырдыңыз?
- 11 өлкөнүн 20 шаарында болдум. Англия, Испания, Украина,Түркия, Шотландия, Исландия, Португалия, Ирландия, Марокко, Франция, Германия. Ар бири өзүнчө кооз, бири-бирине окшобогон өзгөчөлүктөрү бар. Бир учурда эле иштеп, саякаттоо мүмкүнчүлүгү болгонуна сүйүнөм.
- Чет жерде жүрүп сиз туш болгон кызыктуу окуялар бар болсо керек?
- Албетте, кызыктуу окуялар болбой койбойт. Англиядан багажымды жоготуп алып артымдан 1 жумадан кийин келген кемеге. Башында Алматыдан багажды тапшыргам, Германияда аэропорт кызматкерлери алмаштырып, башка өлкөгө салып жиберишиптир. Ошентип бир аптадан кийин жүктөрүм колума тийген.
- Биздин өлкөдө акыркы учурларда эл саясат тууралуу сөз кылып, таалкуулап калышпадыбы. Башка өлкөлөрдө эмнелер жөнүндө сүйлөп, талкуу кылышат?
- Биздин өлкөдө 2 кишинин башы бириксе эле саясат жөнүндө талкуу кылышат. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө саясатка көп аралашпайт. Өз жумуштарын так аткарып жана ошол тармакты өнүктүрүүгө басым жасашат.
- Маегиңиз үчүн ыраазычылык!