Эне тилге эки мүнөт: "Кулагына кумдай куюу", "жер чечегин безөө" фразеологизмдеринин мааниси кандай?

Тектеш кабарлар: "Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын топтому (41 материал)

SUPER.KG порталынын "Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында бир нече фразеологизмдердин маанисин карап чыгып, чечмелеп беребиз. Коомчулукта колдонулуп келген "кулагына кумдай куюу", "көз акы" жана "жер чечегин безөө" фразелогизмдеринин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев түшүндүрүп берди.

Кулагына кумдай куюу - бир нече жолу кайталап айтуу, кайра-кайра айта берүү. Мисалы, Агамдын оюна койбой, жогорку маалыматтуу, үй-жайы, унаасы бар кызга үйлөн деп кулагына кумдай куюшчу.

Көз акы - кандайдыр бир ишти же бир нерсени көрүп-билип жүргөндүгү же ал иштин жакшы натыйжалуу болушуна тилектештиги, ниети туура экендиги үчүн тиешелүү деп эсептелген үлүш. Мисалы, Чеченде жалпынын сөз акысы бар, байда кедейдин көз акысы бар (макал).

Жер чечегин безөө - өтө уккулуктуу, мукам үн чыгарып сайроо, ырдоо, чечен сүйлөө. Мисалы, "Чоор тиги кишинин оозуна тийгенде жер чечегин безейт, дүнүйө сырын чечип, айтып жаткандай болот" (Жантөшев).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан