Равшан Жээнбековдун тарапташтары Биринчи Май райондук сотунун астына митингге чыгышты

Камакта жаткан саясатчылар Равшан Жээнбеков, Фарид Ниязов жана Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары Биринчи Май райондук сотунун имаратынын жанында митинг өткөрүүдө. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүрөт жүктөдү.

"Бүгүн, 10-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары чогулушту. Жаңы Жазык, Укук-жазык кодекстерине жараша адамдын күнөөсү сот менен аныкталбаса, СИЗОдо кармаган болбойт. Фарид Ниязов абакта жалпысынан 2 жыл 4 айдан бери жатат, Равшан Жээнбеков 1 жарым жылга жакын СИЗОдо. Соттор укугун сактап, мыйзамга ылайык бошотушу керек. Кечээ Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду бошотушту. Бул тандалма мамиле", - деп жазды Жолдубаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG-312
2021-12-10 16:44:57
Уялгылачы ушул ЛГБТщникти колдоштон. Жолдубаеваго мейли ал саясатсыз курсагы тойбойт.
+1
Mister-XXX
2021-12-11 08:18:25
К.Жолдубаева тынчыбаган адам экен да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан