Саясий партиялардын IT-адистери БШКнын сайтында маалыматтардын тууралыгын тастыкташты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Отурумдун протоколуна “Ата-Мекен” жана “Социал демократтар” партияларынын өкүлдөрүн кошпогондо, саясий партиялардын өкүлдөрү, IT адистери кол коюшту.
Жолугушууга "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Азаттык", "Жашылдар партиясы", "Социал демократтар", "Ордо", "Ынтымак", "Альянс" партиясы катышты.