Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир партиянын мандатынын кеминде 30 пайызын аял талапкерлерге бөлүштүрүү боюнча талаптарын аткарат. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Буга байланыштуу саясий партия 7 мандат алса, бул мандаттын 30 пайызынан кем эмес болсо, бул 3 мандат дегенди билдирет. Мандаттын 30 пайыздан кем эмесин аялдарга калтыруу боюнча ушул эле жобо айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо да колдонулган, мында дагы 7 мандаттын 3ү аялдарга", - деп жазылат маалыматта.