Чүй-Кемин округу боюнча Медербек Саккараевди талапкер кылып каттоо тууралуу чечим жокко чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Чечим Медербек Саккараев тарабынан анын башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги тууралуу толук маалыматты бербегендигинин негизинде кабыл алынды.
1-октябрдагы чечими менен Медербек Саккараев №31 Чүй-Кемин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер катары катталган.
Чүй-Кемин шайлоо округу - Медербек Саккараев 24,78 пайыз добуш алган.