Сот "Альянс" партиясынын Жанар Акаев боюнча БШКга каршы арызын карап жатат

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

Административдик сотто "Альянс" партиясынын БШКга каршы арызы каралып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттук отурум саат 11:00дө башталган.

15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жарыялады. Анда БШКнын партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30 пайыздык гендердик квота тууралуу жобого өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, үч мандат алган партиядан 1, жети мандат алган партиядан 3 аял депутат келери айтылган. Мындан улам жети мандат алган "Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаевдин ордуна аял талапкер Токтобүбү Оргалчанын мандат алары кабарланган.

Аталган партия сотко арыз менен кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baha.Kyrgyzstan
2021-12-20 23:00:40
Карап эмне болду кандай чечим чыкты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан