Сот "Альянс" партиясы боюнча бүгүн чечим чыгаруусу күтүлүүдө

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

Бишкек шаарынын административдик соту "Альянс" партиясынын арызын бүгүн, 21-декабрда карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, отурум бүгүн саат 13:00гө белгиленген. Кечээ, 20-декабрда административдик сот саат 10:00дө карап баштап, кийин тыныгуу жарыяланып бүгүнкүгө калтырылган.

Белгилей кетсек, 15-декабрда БШК партиялык тизме менен шайланган талапкерлер арасында 30 пайыз гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобону өзгөрткөн. Ага ылайык, "Альянс" партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат боло турган болду. Акаев бул чечемди сынга алып, "Альянс" партиясы аталган жобого каршы Бишкектин административдик сотуна арыз менен кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан