"Альянс" vs БШК: Сот "Альянстын" талабын канааттандырган чечим чыгарды

Бүгүн, 21-декабрда Бишкек шаарынын административдик сотунда "Альянс" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы арызы каралды.

Отурум саат 13:00дө башталып, тараптардын жарыш сөзү орун алды. Кийин сот өкүмдү даярдаганы кеңешме бөлмөсүнө кирип андан кийин өкүмдү окуду. Ага ылайык, сот "Альянс" партиясынын БШКнын 15-декабрдагы партиялык тизме менен шайланган талапкерлер арасында 30 пайыз гендердик квоталары кандай сакталары тууралуу жаңы жобосун, мыйзамсыз деп таап жокко чыгаруу талабын канааттандырды.

Ал эми "Альянс" партиясынын БШКны Жанар Акаевге мандат берүүгө милдеттендирүү тууралуу талабын канааттандыруудан баш тартты.

Белгилей кетсек, 15-декабрда БШК партиялык тизме менен шайланган талапкерлер арасында 30 пайыз гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобону өзгөрткөн. Ага ылайык, "Альянс" партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат боло турган болгон. Акаев бул чечимди сынга алып, "Альянс" партиясы аталган жобого каршы Бишкектин административдик сотуна арыз менен кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Baha.Kyrgyzstan
2021-12-21 20:18:11
Ээми кимиси мандат ала турган болду
+3
talant87
2021-12-21 22:23:47
Жанара менимче
+3
talant87
2021-12-21 22:25:01
7-3аял деген токтом жоко чыкты 7-2аял деген жобо калды менимче
+2
talant87
2021-12-21 22:27:49
Же кимиси Кооп падход кылса
0
Nina.alex
2021-12-21 23:02:10
talant87,подход
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан