Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Сотто Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу коюлган айып боюнча отурум болду.
Сот процесси жабык каралды.
Саясатчынын жактоочусу Сергей Слесарев отурум 2022-жылдын 17-январына жылдырылганын билдирди. Анын айтымында, отурумдун жылдырылышына юристтердин биринин соттук иштин документтери менен таанышып бүтө электиги себеп болгон.