Яндекс Go сервиси айдоочуларга унааны коопсуз айдоо тууралуу эскертет

Яндекс Go Кыргызстанда буйрутманы аткарып жатып, унаа башкарууда жасалуучу терс адаттарга карата мониторинг жүргүзүү системасын киргизди. Ал айдоочуларды алдын ала кооптуу маневр жасоо же мүмкүн болгон кырсыктардан эскертип турат. Бул кызматты сервис өзү иштеп чыккан.

Айдоочунун тиркемеси акселерометрдин көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөйт - бул маалыматтар тиркеме орнотулган смартфондон же планшеттен чогултулуп турат. Акселерометр – бул объекттин ылдамдыгын өлчөөчү көрсөткүч. Система: капыстан старт алуу жана тормозду тебүү, жол тилкесин үзгүлтүксүз алмаштыруу, аралыкты сактабоо сыяктуу бардык агрессивдүү маневрларды жазып турат.

Эгерде кооптуу маневр үзгүлтүксүз катталса, бул сервистин стандарттарын одоно бузуу болуп саналат. Мындай айдоочу унаа башкаруудагы проблемасы тууралуу билдирүү алат. Системалуу тартип бузуулар үчүн алгоритм сервиске келүүчү буйрутмаларды алуу мүмкүнчүлүгүнөн айдоочуну убактылуу чектейт. Эгерде айдоочу жүрүшүн оңдобосо, анда сервиске кирүү биротоло жабылат.

Система агрессивдүү айдоо менен күнүмдүк кырдаалда айдоону айырмалай алат. Мисалы, айдоочу колуна тиркеме орнотулган аппаратты алса, бул кыймыл система тарабынан жолдо жүрүүнү бузуу катары бааланбайт.

Буга чейин Яндекс Go Кыргызстанда дагы бир өздүк коопсуздук технологиясын ишке киргизген – бул сервистин буйрутмаларын аткарып жаткан унаанын ылдамдыгын көзөмөлдөө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
azhunushaliev
2021-12-24 11:23:00
Энен дурайын Яндекст процентин аябай котруп салды булар элди дагы водителдерди дагы алдап журушот сызга отургузуп буларды кыргызтандын аймагына иштоого тыйуу салыш керек.
+6
Asmat84
2021-12-24 11:48:39
Чындап эле Яндекс комиссиясын көтөрүп салды. Яндексте иштеш болбой калды. Жөн эле бир еврейди байытып атабыз. Яндексте иштеген жигиттер . Патриот болгула иштебегиле Яндекске кечке жүрөсүң машинаңды тарактатып үй бүлө бакканга жетпей калды
+6
Mister-XXX
2021-12-24 22:01:35
Кыргызстанга Яндексти киргизбегиле.Бизде агрегаттар толтура го.Байыса да кыргыз байысын.Патриот болгулачы туугандар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан