УКМК тарабынан кармалган Бактыбек Калмаматов 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 2022-жылдын февраль айына чейин камакта болмокчу.
Бүгүн, 22-декабрга караган түнү Бактыбек Калмаматовду аэропорттон кармап кетти деген маалыматтар тараган. Буга улай эле Калмаматовдун аэропорттон жасаган видео кайрылуусу тараган.
Андан кийин анын жактоочусу Калмаматов 48 саатка УКМКнын СИЗОсуна камакка алынганын билдирген.