Кыргызстандык аялдардын балдарынын алиментин өндүрүүгө Telegram-бот кантип жардам берет

Үй-бүлөлүк жашоодо 13 жыл жашаган Наргиза Дыйканбаева күйөөсү менен ажырашуу чечимин кабыл алды. Анткени чогуу жашагандан баштап күйөөсү ага кол көтөрүп келген.

Бишкек шаарынын тургуну колунда үч баласы менен жалгыз калды. Кичүү эгиз балдары мектепке бара элек, улуу кызы ноябрь айында араң 12 жашка толду. Наргиза кийим тигүүчү цехте тигүүчү болуп иштейт, бирок үч баланы жалгыз багуу ал үчүн кыйын. Мурдагы күйөөсү алимент төлөөдөн баш тарткан. Аял балдарына болгон атанын карызын мыйзам боюнча, сот аркылуу төлөтүү чечимине жетишкен. Бирок балдардын атасы бир да тыйын төлөй элек. Аялдын азыр аны менен жана иштебеген система менен күрөшүүгө алы жок. Эми эмне кылуу керек? Чындап эле башка жол жокпу? Ушундай кырдаалга туш болгон Наргиза жана башка кыргызстандык келиндер үчүн маселени чечүүчү жол бар. «Милдет» Telegram-боту алимент өндүрүүдө кыйынчылыктарга туш болгон жалгыз бой энелерге сот аткаруучунун аракетсиздиги боюнча арыз жазууга жардам берет. Юридикалык суроолорду жакшы билген виртуалдык адис ошондой эле үй-бүлөлүк укуктун башка маселелери: ажырашуу, мүлктү бөлүштүрүү жана аталыкты аныктоо боюнча акысыз (бул маанилүү!) кеңеш бере алат. “Милдет” Telegram-боту 2020-жылы түзүлгөн. Долбоордун жаратуучусу, юрист Фатима Якупбаева кыргызстандыктарга укуктук талаада багыт алууга жана суроолоруна тез, кыйынчылыксыз жооп табууга жардам берген инструментти ойлоп тапкан. Виртуалдык юрист жарандарга онлайн режиминде жеке ишкерди каттоо, салык режимдери, жумуштагы талаш маселелер, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, үй-бүлөлүк суроолор боюнча кеңеш берет, ошондой эле алиментти өндүрүү жөнүндө арызбы же карыз берүүдөгү тил катпы, айтор керектүү документтерди сабаттуу түрдө түзө алат. Бот менен сүйлөшүүдө колдонуучуда тилдик тоскоолдук болбойт. Виртуалдык жардамчы үч тилде: кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт жана суроолорго мүмкүн болушунча ар тараптуу жооп берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан