Үйүңө кайт, кошумча акча таап, машине сатып ал: Таксидеги жумуш кыргызстандыктарга эмне берет?

Такси агрегаторлорунун пайда болушу менен жүргүнчүлөр тиркемелерди колдонуунун артыкчылыктарын сезе башташты. Бүгүнкү күндө бир нече мүнөттө такси чакыра аласыз. Убакыттын өтүшү менен айдоочулар өздөрү заманбап тейлөөнү өздөштүрүп калышты. Эми кокус кардарларды жолдон алуу анчалык деле пайдалуу эмес. Көпчүлүк айдоочулар такси кызматтарына кошулууда, анткени бул ыңгайлуу гана эмес, кирешелүү да.

Бишкектин айдоочулары үчүн транспорт тармагында жумуш таап, жакшы акча табуу мүмкүнчүлүгүн агрегаторлор менен өнөктөш болгон такси компаниялары берет. Жүк ташуучу компаниялардын биринин өкүлү Мээрим Абазова Кыргызстанда бизнесин ачканга чейин ал күйөөсү жана балдары менен 10 жыл Орусияда жашап, иштеп келгенин мындай эскерет.

"Чындыгында эле таксидеги жогорку деңгээлдеги тейлөө Кыргызстанда да болушун кааладык. Ошондуктан 3 жыл мурун биз Бишкекке кайтып келип, Яндекс Такси жергиликтүү рынокто пайда болгонун билдик. Алар менен өнөктөштүктө иштөөнү чечтик.

Тиркеме абдан сонун. Колдонуучулар үчүн дагы ыңгайлуу. Айдоочулар каалаган учурда линияга чыга алышат. Ошондой эле жумушту жеке жумуштары менен айкалыштыра алса болот. Анан дагы эң негизгиси - жакшы киреше. Буйрутмалар токтоосуз келип турат. Саатына 170 сомдон баштап 250 сомго чейин таба аласыз. Уюшулгандан бери биз менен бирге болгон айдоочулардын арасында акча чогултуп, унаа сатып алгандар да бар. Ал эми Орусиянын шаарларында такси кызматында жүргөн кыргыздар мекенине кайта баштады. Өз өлкөңдө иштеп, үй-бүлөңдү ушул жерде бага алсаң мекениңден алыс жашаган маанисиз", - деген Мээрим Абазова.

Такси компаниясынын дагы бир жетекчиси Максат Даулетов аталган кызмат менен 2017-жылдын ноябрь айынан бери кызматташып келет.

"Бул жаатта канчалык ийгиликке жетишиңиз агрегатордон эмес, өзүңүздөн көз каранды. Эгер тынымсыз иштесең, жакшы киреше таба аласыз. Жалкоо, өнүгүүнү жана атаандашууну каалабайсыңбы? Анда кирешең дагы аз болот", - дейт Даулетов.

"Кызматташуу шарттарына келсек, айдоочу бардык жерде комиссияга төлөйт. Кай бир жерде аз, кээ биринде көп. Кеп ал эмне үчүн төлөп жаканында. Биздин айдоочулар навигатор, коопсуздук, көп сандагы буйрутмалар, карталар жана тапшырманы бир топ жеңилдеткен ыңгайлуу тиркемени алышат" деп сөзүн аяктады ал.

Азамат Жумабеков мамлекеттик кызматкер. Эки жыл мурун кошумча жумуш издеп, Яндекс Такси кызматына кошулган. Жумуштан соң бир нече саатка линияга чыгат. Ал эми дем алыш күндөрү эртең мененден баштап кечке чейин линияда болот.

"Бир күндө 2 миң сомго чейин киреше тапса болот. Бензинге жана тамактанууга, коммуналкага жетиштүү. Андан тышкары дагы өзүңө калат. Жакшы кошумча иш. Пайдалуу жана ыңгайлуу", - деп ачык оюн айтат ал.

Кардарлар ар кандай болушат. Бирок жакшы адамдар баары бир көп. Сылык сүйлөшүп, чай ичип кой деп акча (чаевые) таштап кетишет. Ал казакстандык жаранды аэропортко жеткирип бара жаткан учурду төмөнкүдөй эскерет:

"Ал жол акысын төлөп, жанындагы акчанын баарын алып чыкты. Миң сомго жакын акчаны "чай ичип кой" деп берип, мага сом баары бир кереги тийбейт деп айткан. Жакшы жана боорукер адамдар менен мамиле түзүү абдан жакшы".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KaGaH
2021-12-29 15:30:23
Яндекстин ортомчулары булар % айдочулардан жеп жүргөн
+5
Medina87
2021-12-29 16:02:55
KaGaH,
Не то что, Айдоочулардан жешет , ещё НАЛОГ толобойт экен го булар ..
Казахстандын Рыногунда июль айларында ЯНДЕКСтаксини Сотко бергенден кийин, как положено Налогун толоп иштеп жатышат.
То есть, Таксопарктын жетекчилери Яндекс такси менен оз ара келишим тузуп алып иштетишкен.
+3
Antiradikal10
2021-12-30 17:31:32
Жапаров менен Ташиев лох да, бир жылдан бери Яндекске салык толото албай келет. Ортодогу ортомчу таксопарктардын да 90%ти салык толобойт.......
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан