"Кумтөр" иши боюнча Жоомарт Оторбаевдин иши сотко өттү

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин иши сотко өткөнүн кабарлады.

Учурда мурдагы атка минердин иши соттук өндүрүшкө алынган.

2014-2015-жылдары өкмөт башчы болуп иштеген Жоомарт Оторбаев "Кумтөр" ишине байланыштуу УКМК тарабынан 16-сентябрда кармалган. Ага премьер-министр болуп турганда мыйзам бузуп, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын "кызыкчылыгы үчүн Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдук берген деп айып коюлган. Үч айдай абакта кармалган Оторбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко Башкы прокуратура кайрылып, 20-ноябрда чет жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде абактан чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан